Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.07.2019 10:28

Жалал-Абадда турак жайга муктаж үй-бүлөлөр үчүн 2 кабаттуу үй курулууда (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында турак жайга муктаж үй-бүлөлөр үчүн эки кабаттуу үй курулууда. Бул тууралуу кайрымдуулук фонддун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.

Анын айтымында, курулуп жаткан үй муктаждарга жана жетим-жесирлерге берилет. Учурда анын пайдубалы тургузулуп жатат.

«Курулуп жаткан эки кабаттуу үй 10 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган. Ар бир батир 2 бөлмөлүү болот. Ичинде газдан башка бардык шарттар түзүлүп берилет. Учурда бизге арыз менен 100дөн ашык адам кайрылды. Долбоордо үйдүн алдына аянтча, газон, оргума куруу каралган. Батирлер муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн абалы текшерилгенден кийин берилет. Турак жайга муктаж адамдар биз ойлогондон да көп экен», - деди М.Сапарбаев.

Анын айтымында, курулуштун жүрүшүндө жеке ишкерлер дагы жардам берип жатышат. Ал жергиликтүү ишкерлер 2 тоннадан 10 тоннага чейин цемент жана курулуш материалдарын алып берип жатышканын айтты.

«Үй элдин акчасына курулуп жатат десем болот. Жөнөкөй тургундар да колдон келишинче көмөктөшүүдө», - дейт М.Сапарбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×