Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.07.2019 14:44 На русском

Жалал-Абадда 2,2 млн сом эмгек акысын ала албай жүргөн жашоочулар нааразы болуп чогулушту

Turmush -  Ноокен районунда Кочкор-Ата токой чарбасына караган 64 гектар жерге бадам уругун эгип, убадаланган маянасын 4 айдан бери ала албай жатканын айткан 20дай адам Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгына нааразычылык билдирип чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нааразы тараптардын үнүн аталган башкармалыктын башчысынын орун басары С.Томаев менен токой экосистемалары жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн башчысы Л.Абдыразакова укту.

Маалым болгондой, Майлуу-Суу шаарынын Нефтепром, Кыпчак-Талаа айылдарынын тургундары Кочкор-Ата токой чарбасынын жерине жаз алды менен бадам эгишкен. Ал жумушка жалпы 50 адам тартылган.

«Үстүбүздөгү жылдын 25-февралынан тарта окопторду казып, 10-мартка чейин бадамды эккенбиз. Токой чарбанын кызматкерлерин баарыбыз эле тааныйбыз, бир айылдан болобуз. Өздөрү 18 окопко 786 сом болот деп эсептеп беришкен. Ошондо бир гектарда 400дөн окоп болуптур. Жалпы эсептегенибизде бизге эмгек маяна катары 2 миллион 230 миң сом төлөнүп бериши керек эле. Токой чарбанын жетекчисине бир нече жолу кайрылдык, жыйынтык чыккан жок. Тескерисинче «колуңардан келгенин кылып алгыла» деп жооп берди. Карапайым калкты иштетип, эми мыйзамды бузуп жатасыңар. Эгер үнүбүздү укпасаңар биз дагы мыйзам бузууга барууга аргасыз болобуз», - деди нааразы болгондордун бири.

Чогулгандар тийиштүү органдар алардын укугун тебелеп, мыйзамды бузушса, алар эккен көчөттөрдү кайрадан жулуп таштоого барышарын дагы айтышты. Алар: «Токой чарбанын жетекчиси күтө тургула, коё тургула деп, ушул күнгө келдик. Убагында эртелетип эгип бергиле деп иштетишти. Эми бири департаментке, экинчиси токой чарбага түртүп жатышат», - дешти.

Нааразы болгондор Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине же башкармалыкка расмий түрдө кайрылуу жолдошкон эмес. Оозеки түрдө бир нече жолу эскертишкен. Башкармалыктын өкүлдөрү нааразы болгон адамдарды кабыл алышканы менен конкреттүү жооп айтышкан жок.

Аймактык башкармалыктын жетекчиси Бакыт Эрмековдун айтымында, Кочкор-Ата токой чарбасы жоюлуп кеткени көйгөй жаратып жатат.

«Кочкор-Ата токой чарбасы азыр Тоскоол-Ата чарбасына кошулуп, долбоор боюнча алар төлөп бериши керек экен. Бирок андай болбоптур, эми токой чарба төлөп бере турган болуп жатат. Токой чарба порталга берип, анан төлөп беришсе керек. Порталдын дагы өзүнүн мөөнөттөрү бар. Жергиликтүүлөр бизге арыз менен кайрылбайт, телефондон эле нааразы болуп, айтып жатышат», - дейт Б.Эрмеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×