Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.07.2019 15:44

Жалал-Абадда Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 4-июлда Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Облус башчысы дарыгерлердин коомдогу орду зор экенин белгилеп, калктын саламаттыгы үчүн эмгектенип келген медициналык кызматкерлерге ардак грамота тапшырды.

Иш-чаранын алкагында бир катар дарыгерлер жергиликтүү бийликтин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамоталарына ээ болушту.

Жалал-Абад облусунун аймагында 442 медициналык мекеме бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×