Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.07.2019 15:48

Жалал-Абадда жол кыймылын көзөмөлдөөчүлөр сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-июлда мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын 83 жылдык майрамын утурлай Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов майрам ээлерин куттуктады. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарада жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого зор салым кошуп жаткан бир катар кызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылды.

«ЖКККБнын Жалал-Абад облусундагы бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 6 айдын жыйынтыгы менен өткөн жылга салыштырмалуу транспорт кырсыктары азайып, каза болгон адамдардын саны кескин кыскарган.

Мисалы, былтыр 18 жаштан жогорку 57 адам каза болсо, быйыл алардын саны 40ты түзгөн. Ал эми былтыр 11 өспүрүм каза болсо, быйыл 4 жаш бала каза болду», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×