Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.07.2019 15:26

Жалал-Абадда атчан улакчы токко урунган айылга бетон мамылар орнотулат. Сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу жаңы конушунда улак тартыш учурунда улакчы токко урунган окуядан кийин бетон мамычалар алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Тайгараев аймактык башкармалыгынын Төш-Кутчу айылындагы көчөлөргө эми 12 даана бетон мамычалар орнотулат. Аны Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Шайырбек Ташиев өзүнүн каражатына алып берип, дагы кошумча алынарын убадалады.

Төш-Кутчу айылында жашаган 400гө жакын үй-бүлө 20 жылдан бери жыгач түркүк аркылуу тартылган электр тогун пайдаланып келишет. Кээ бир мамылар жарактан чыгып, жергиликтүүлөргө ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан улам тургундар тийиштүү тараптарга кайрылганы менен мамылар алмаштырылган эмес.

Буга чейин ушул жылдын март айында Төш-Кутчу жаңы конушунда өткөрүлгөн улак тартыш оюну учурунда атчан бара жаткан улакчы токко урунуп, ат окуя болгон жерде жан берген. Ал эми улакчы ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Улак тартышка күйөрман катары барган Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын мурунку жетекчиси Жаныбек Карабаев окуя тууралуу айтып берген.

Ал эми улакчы К.Мавлянкулов оюндун алдында мамылардын абалын көрүп, кооптонгонун айткан болчу.

«Алгач жамгыр жаап жатат деп улак тартышка баруудан баш тарткам. Шаар тарапта күн ачык экенин уккан соң кайра жөнөгөн элем. Жаңы конуштагы эптемей жыгач мамыларды көргөм, жанымдагыларга да айткам. Оюнга кирип кеткенде маани бербей калыптырмын. Мен каналга түшүп кеткенимди билем андан аркысы эсимде жок. Өзүмө келсем ооруканада экенмин, эч нерсени сезбей калыптырмын. Бул окуяга эч кимди күнөөлөбөйм, бирок жаңы конуштагы электр зымдарына тийиштүү тараптар маани бериши керек эле», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×