Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.07.2019 12:50

Жалал-Абадда майыптыгы бар адамдар булгаары менен иштөөнү үйрөнүп жатышат

Turmush -  Жалал-Абад шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар булгаарыдан буюм жасоону үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу «Бирдиктүү багыт» майыптар ассоциациясынын жетекчиси Жумакан Жаркулова билдирди.

Анын айтымында, жалпы 30 адамды окутуу максатталган, бирок жарандардын жөндөмдүүлүгү каралып, 16 адам тандалып алынды. Алар бир аптадан бери кол өнөрчүлүктү, булгаарыдан буюм жасоону үйрөнүп жатышат.

«Жети дубандагы майыптар бири-бирибизди колдоп, өз жашообуз үчүн күрөшүү максатында ушундай окууга катышып жатабыз. Майыпмын деп башты жерге салбастан кол өнөрчүлүктү да колго алып, жасаган буюмдарды сатууну жолго коюу менен аз да болсо киреше табууну үйрөнүп жатабыз. Бизге бул өнөрдү белгилүү уста Рахат Үсөнкожоев үйрөтүп жатат. Окутуучулардын жол акысын, жатаканасын Улуттук Кызыл Ай коому каржылап жатат. Андан башка жергиликтүү демөөрчүлөрдөн колдоо болду», - дейт Ж.Жаркулова.

Мындай окуу Таш-Көмүр шаарында дагы 10 күнгө уланат.

Жалал-Абад облусунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 30 миңден ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×