Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.07.2019 15:10

Жалал-Абадда баңгизатка каршы жаштар футбол мелдешине түштү

Turmush -  ИИМдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жаштар арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш уюштурду.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мелдешке Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучуларынан куралган жигиттер катышты. Оюн «Жаштар баңгизатка каршы» ураанынын алкагында өтүп, ар бир команда өз мыктылыгын көргөзүүгө аракет кылышты.

Уюштуруучулар жаштарды мекенчилдикке, баңгизатынан алыс болуп, спорт аркылуу сергек жашоо образын түптөөгө чакырышты. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок ыйгарылып, калган командалар да уюштуруучулардын баалуу белектерин алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×