Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 30.06.2019 13:43

Экс-милиционер баңгизат үчүн 15 жылга кесилди. Жактоочу иштин чоо-жайын айтты

Turmush -  Жалал-Абад шаарында баңгизат менен кармалды делген мурунку милиция кызматкери Токталы Наржигитов менен Ала-Бука РИИБдин жетекчисинин мурунку орун басары Б.Култаевди кармоодо мыйзам бузуулар болгонун жактоочу Сапарбек Камбаралиев АКИpress – Жалал-Абаддагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад шаардык соту тергөө ишиндеги мүчүлүштүктөрдү эске албастан Токталы Наржигитовду 15 жылга эркинен ажыратты. Кармалган эки кызматкер 2 жыл 1 айдан бери убактылуу кармоочу жайда негизсиз кармалып олтурат.

Маалым болгондой, 2017-жылдын 13-май күнү ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобунун кызматкерлери шаардагы мейманкананын жанынан Т.Нуржигитовду кармашкан. Анын колундагы полиэтилен баштыктан скотчтолгон өзгөчө жыты бар кара түстөгү баңгизат табылганын, анын салмагы 5 кг 20 грамм болгондугу боюнча милиция ЖМКларга тараткан эле. Бул окуя боюнча жактоочу С.Камбаралиев мыйзам бузуулар болгондугун айтып берди.

«Мейманкананын алдынан Т.Наржигитовду, андан кийин Б.Култаевди кармашыптыр. Жазык-процессуалдык кодекстин165-беренесине ылайык тергөө амалдары тергөөчү кылмыш иши козголгондугу боюнча токтом чыгаргандан кийин башталат. Бирок Оштун 5 кызматкери экөөнү тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоо боюнча токтому, сүрөт жана видео, аудиожазуулары жок кармашкан. Мейли телефондорун унутушусун, бирок ошол мейманкананын айланасындагы мекемелерден ошол күнкү видоебайкоону алдырышса болмок, бирок андай болгон жок. Мындай сапатсыз жана үстүртөн иш жүргүзүүнүн жыйынтыгы сотто ишти кароодо дагы тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгы шаардык соттун аныктасында жазылган.

Т.Наржигитовду кармашары менен Сузак районуна караштуу Комсомол айылына алып барышып, андан ары Ошко алып кетишүүдө. Мыйзамдуу документ түзбөстөн же Ош ШИИБдин нөөмөттөгү тергөөчүлөрүнө өз убагында өткөрүп бербестен 15 саат кармап олтурушкан. Эртеси тергөөчү кылмыш ишти козгогон. Эмне үчүн мыйзам милиция үчүн иштебейт?

Ошондой эле, калыс адам катары С.Алиёрбек менен С.Азамат деген адамдарды жазышкан. Бул эки адамды тактамада көрсөтүлгөн даректерден издедик. С.Азамат Жалал-Абад шаарында жашайт деп көрсөтүлгөн даректе жок экендиги аныкталды. Экинчи адамды дагы издегенибизде андай дарек жок экенин билдик.

Калыстардын өздүгүн аныктоочу документтердин көчүрмөлөрү тиркелген эмес. 15 жолу сот отуруму өттү, бир дагы жолу калыс адамдарды алып келе алышкан жок. Эки калыс адам тең бир күндө бир каттам менен Россияга учуп кетишиптир. Шаардык сот экөөнү кармоого катышкан 5 милиция кызматкеринин көрсөтмөлөрү менен гана жыйынтык чыгарышууда. Ал кызматкерлер сот отурумуна бир дагы жолу катышкан эмес, зордоп алып келүү чечимин дагы тоготпой жатышат», -деди С.Камбаралиев.

Т.Наржигитов өзү 5 милиция кызматкери андан акча өндүрүү үчүн аны кармагынын, анткени ал эшек сатуу иштерине катышкандыгын айтканын жактоочу белгиледи.

«Сотто Т.Наржигитов эшек сатып алып жаткан «Дружба Импекс» ЖЧКсына ишке киргенин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан эшек сатып ала турган адам болуп сүйлөшкөндүктөн фирма ага апта сайын 400-500 миң сом берип турганын айтты. «Менде тыйын бар экенин билишкен, акча өндүрүп, анан коё бергилери келген. Алар күткөндөй чоң суммадагы акча чыкпай калды окшойт. Капчыгымда 251 миң сом болгон, аны да алып коюшуптур, протоколго 5 миң сому бар экен деп жазышыптыр. 13-май күнү унаага салып кетишип, Комсомол айылына барганда «бул баштык сеники, эшектин териси бар» деп айтышып, анан сүрөткө тартып алышты», деп Т.Наржигитов айтууда.

Баңгзизат боюнча дагы мыйзам бузуулар бар. 5 кг 20 грамм деп протокол түзүлсө, соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен 4754 грамм салмактагы апийим экени аныкталган. Ортодо 266 грамм баңгизат айырма болууда. Аны тергөөчү өз убагында тергеп, такташы керек эле. Соттор грамм баңгизат үчүн да адамдар жоопкерчиликке тартыларын айтып, калганын табуу керектигин айтып жатышат. Бул баңгизат кайдан жана кантип алынганы боюнча конкреттүү фактылар жок.

Жогорудагы мен айткан мүчүлүштүктөрдү Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы К.Үмөталиев дагы аныктамасында келтирип жатат. Мыйзам бузуулар орун алгандыгын аныктамада келтирген. Андагы негиздер менен ишти кырскартса дагы болот. Бирок Т.Наржигитовду 15 жылга кесип жатышат. Эки түрдүү чечим чыгарып койду. Облустук сот, Жогорку сот бул жагдайларды карайт деп ишенем», - деди ал.

Маалым болгондой, Т.Нуржигитовдун иши Жалал-Абад шаардык сотто каралып, аны 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Бул өкүмгө нааразы болгон тараптар облустук сотко даттануу келтиришкен.

Т.Нуржигитовдун жубайы Фарида Назарова алар батирде жашап келишкенин, 5 баланы багуу түйшүк жаралып жатканын, жолдошу негизсиз кармалганын айтып, өлкө башчыга кайрылуу менен акыйкаттык чечим чыгуусун суранды.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин башчысынын орун басары болуп иштеп, эмгек өргүүдө жүргөн Б.Култаев дагы негизсиз кармалганы айтылды. Ага 14 жыл берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×