Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 29.06.2019 11:05

Ырчы Эмилбек Балтагулов жаңы кызматка дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Жалал-Абад маданият техникумунун директору болуп ырчы Эмилбек Балтагулов дайындалды.

Тиешелүү буйрукка КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 24-июнда кол койгон.

Жаңы дайындалган жетекчини техникумдун жамаатына 28-июнда КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев тааныштырды.

Жалал-Абад маданият техникумунда 150дөн ашуун бала билим алат.

Өмүр баяны

Аты-жөнү: Балтагулов Эмилбек Аширбекович

Туулган жылы: 1981-жыл

Туулган жери: Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасы

Билими:

- 2004-жылы ОшМУнун искусство факультетинин музыка бөлүмүн артыкчылык менен аяктаган.

Эмгек жолу:

-2004-2007-жылдары — Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетинде окутуучу;

-2010-2011-жылдары — Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси;

- 2013-2019-жылдары — Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисти;

- 2015-2017-жылдары — Жалал-Абад облустук филармониянын директорунун орун басары;

- 2018-2019-жылдары — Гүлнара Бакиева атындагы №24 мектебинде мугалим;

- 2019-жылдын 14-январынан тарта Сузак райондук балдардын билим берүү борборунун «Жаш талант» музыкалык ийриминин жетекчиси.

Сыйлыктары:

- 2017-жылы жубайы Гүлгүнай Жумабекова менен бирге «КРнын маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланышкан.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Жалал-Абад облусунун губернаторунун, Ош шаардык кеңешинин, Жалал-Абад шаардык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Ал 14 жылдык тарыхы бар «Сезим» эстрада тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун атасы.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×