Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.06.2019 16:49 На русском

Жалал-Абаддын 3 тургуну «подстава» кылып, акча өндүргөн милиционерлерге чара көрүнүү суранат. Видео

Turmush -  Жалал-Абад облусунун үч тургуну милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолорго кабылганын, милиционерлер аларды «баңгизат бар» деп кармашканын жана алар акча берип кутулушканын айтышып, жогорку бийликтен кызмат абалынан кыянат пайдаланып жаткан милиция кызматкерлерине чара көрүүнү суранышты. Бул тууралуу алар 28-июнда АКИpress – Жалал-Абаддагы маалымат жыйында билдиришти.

Жергиликтүү жашоочу Давран Хасанов милиция кызматкерлеринин коркутуулары менен үч адамга баңгизат салууга мажбур болгонун айтып берди.

«Мен досуман унаа алгам, анын акысын 6 айда төлөп беришим керек болчу. Бирок ооруп калып, кутула албагандыктан, иш милицияга жеткен экен. Ушул иштин аркасы менен мен милиция кызматкерлеринин торуна илинип калдым. Бир күнү Жалал-Абад шаарында ЦУМдун алдында бара жатсам милиция кызматкери паспортумду көрсөтүүмдү өтүндү, себебин сурасам паспорттук режим башталганын айтты. Мен паспортум жок экенин айтсам, ал мени Сузак РИИБге алып барды, ал жактан чөнтөгүмдөгү бардык нерселерди чыгардым. Милиция кызматкерлеринин бири «чөнтөгүңдү карайынчы» деп колун салып эле «Бул эмне? Баңгизат сенде эмне жүрөт?» деп, ал меники экенин айтып баштады. Мен баңгизат меники эмес экенин айтсам, мени токмоктоп, «бизге акчаңдын кереги жок, Давлетбек деген адам бар, биз баңгизат беребиз ошону «подстава» кылып, карматып бересиң» дешти. Ал адам шаарда жок болуп калган экен, ошондо дагы «сен айтып койдуң» деп урушту.

Кийин Арзыбек деген досумду карматып бересиң дешти. Аны чакырып, унаасынын бардачогуна баңгизат салганда кызматкерлер келип кармашты. Экөөбүздү тең алып кетишти. Кийин Шакир деген адамга да ушундай мамиле жасатышты. Ал учурда камакта, соту болуп жатат. Соттук отурумда милиция кызматкерлеринин мажбурлоосу менен мен «подстава» кылганымды айттым. Башыма баштык кийгизишип кыйнашкандыктан, мен коркконумдан алардын айткандарына макул болгонумду билдирдим.

Райондук прокуратурага бардым, алар «милицияга өчөшпөй эле кой» деп мени жолго салышты. Акыры айлам кетип, УКМКга кайрылдым, бийликтен жардам суроого мажбур болуп жатам. Коркутуп, үркүтүүлөрдүн артынан мени кылмышка түртүп жатышат. Адамдар жөнү жок жерден кыйналышты», - деди ал.

Анын айтымында, эки адамга окуянын чоо-жайын айтып, аймактан качып кетүүнү суранган.

Ал эми Давран Хасанов айтып жаткан Арзыбек Имаралиевдин айтымында, 2019-жылдын март айында досу чакырып, экөө жолуккан. Жолугушуу учурда эле милиция кызматкерлери пайда болуп, унаасынан баңгизат табылганын айтышып, аны Сузак РИИБге алып кетишкен.

«Баңгизатты кимден алдың? деп башташты. Мен эч кандай баңгизат жок экенин айттым, алар менин сөзүмдү деле угушкан жок. 150 миң сом таап келишим керектигин айтышты. Бирок менде андай чоң суммадагы акча жок болчу. Досумду чакырдым, кийин атам келди. Менин ордума атам калды, мен акча издеп чыгып, 40 миң сом таап баргандан кийин атам экөөбүз үйгө кеттик. Досума болгон ишеним жоголду, бир чети анын мажбур болуп жасаганын билдим», - деди ал.

Маалымат жыйындын дагы бир катышуучусу Абдулазиз Сатыбалдиев да короосунда кокустан баңгизат пайда болуп, үйүндө чуу болгонун, акча менен маселе жабылганын ырастады.

Маалымат жыйындын катышуучулары милиция кызматкерлери тарабынан коркутуп үркүтүүлөр орун алганын, баштык кийгизишкенин айтышып, кызмат абалынан аша чаап жаткан милиция кызматкерлерди тартипке салууну же кызматын кароону президенттен, өкмөт башчыдан жана ИИМдин башчысынан суранышты.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жогорудагы атуулдар аларга кайрылбагандыгын билдирди.

«Бизге милиция кызматкерлеринин үстүнөн эч кандай арыз же даттануулар келип түшкөн эмес. Эгер алар ур-токмокко алынса ОИИБге кайрылышсын, ички иликтөө кызматы иликтөө жүргүзөт. Ал эми Шакир аттуу жарандын үстүнөн баңгизаттарды сатып жатканы боюнча маалымат келип түшкөн, ыкчам иликтөөнүн натыйжасында ал баңгизат сатып жаткан жеринен кармалган. Бул иш азыр сотто каралууда», - деп билдиришти ОИИБдин басма сөз кызматынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×