Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.04.2019 14:00

Жалал-Абаддагы активисттер Ө.Бабановдун мекенине келиши боюнча оюн билдиришти (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы жаш активисттер саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келүүсү боюнча бүгүн, 11-апрелде АКИpress – Жалал-Абаддагы маалымат жыйында өз ойлорун билдиришти. Жыйынга Келдибек Жээнбеков, Улукбек Шадыканов, Айбек Бегалиев, Айыке Шаимкулова жана Зарипа Абдисалиева аттуу жаш активисттер катышты.

«Бабанов президенттик шайлоодо 600 миңдей добушка ээ болгон. Шайлоодон кийин ага улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө чакырык жасады деген айып менен кылмыш иши козголгон. Акыркы күндөрү эксперттер текшерип, эч кандай мыйзам бузууга чакырык болбогондугун далилдеп беришкен. Ошондуктан Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келүүсүнө тоскоолдук жаралбашы керек деп ойлойм», - дейт Келдибек Жээнбеков.

Ал эми Улукбек Шадыканов: «Жеке пикиримде Өмүрбек Бабановдун улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө эч кандай күнөөсү жок. Анын өз мекенине келип, элине кызмат кылуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек деп ойлойм. Анын ишмердүүлүгүн улантуусуна тоскоолдук болбошу керек», - деген оюн билдирди.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары дагы Өмүрбек Бабанов мекенине кайтып келиши керек деген пикирин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×