Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.04.2019 17:55

Жалал-Абад облусунда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча иштерин жүргүзүп жатат.

Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоого багыталган иш мерчемге 69 объект бекитилген.

Жумуш аяктаган объекттер:

1. Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылында сел каналын 170 метр аралыкта тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

2. Таш-Көмүр шаарынын Темирбаев көчөсүндөгү 270 метр аралыкта сел сайын тазалоо жана жээгин бекемдөө жумуштары бүткөрүлдү.

3. Таш-Көмүр шаарынын Салиев көчөсүндө 88 метр аралыкта сел сайын тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

4. Таш-Көмүр шаарынын Панфилов көчөсүндө 88 метр аралыкта канасын тазалоо тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

5. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Жашасын айылында 368 метр аралыкта сел арыктарды тазалоо жумуштары бүткөрулдү.

6. Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагындагы Багыш айылында 496 метр аралыкта сел каналын тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

7. Сузак районунун Жаны-Дыйкан айылынын Камыш-Башы участкасында 1357 метр аралыкта сел каналын тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

8. Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагындагы Кара-Дарыя айылынын Кундузчу участкасында 394 метр аралыкта убактылуу суунун нугун буруу жана жээгин бекемдөө жумуштары бүткөрүлдү.

9. Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Жаны-Айыл участкасында 400 метр аралыкта Өлөң-Булак суусунун жээгин бекемдөө жумуштары бүткөрүлдү.

10. Ала-Бука районунун Т.Балтагулов айыл аймагындагы Ызар айылында 1400 метр аралыкта Кара-Сай сел канасын тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

11. Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагындагы Жапа-Салды айылында 950 метр аралыкта Ажыбек сайынын нугун механикалык жол менен тазалоо жумуштары бүткөрүлдү.

12. Аксы районунун Кербен шаарынын Жетиген айылында 1500 метр аралыкта Жетиген каналын тазалоо жумуштары башталды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан товардык материалдык каражаттар берилип, жергиликтүү бийликтер тарабынан аткарылып жаткан объектилерден учурда 5 обьектиде жумуштар аяктап, 4 обьектиде жумуш жүрүп жатат.

Жумуш аяктаган объектилер;

1. Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Товар-Сай айылына 150 даана габион торчосу берилип, 100 метр аралыкта Авлетим дарыясынын жээгин бекемдөө жумуштары аяктады.

2. Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы Разан-Сай айылында 700 метр аралыкта Сары-Таш участкасындагы сай жээктерин бекемдөө жумуштары аяктады.

3. Базар-Коргон районунун Кенеш айыл аймагындагы Кызыл-Оатябрь айылында 300 метр аралыкта Сейит-Казы сел каналын тазалоо жумуштары аяктады.

4. Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы Кыла айылында 1100 метр аралыкта сел өтүүчү каналды тазалоо жумуштары аяктады.

5. Сузак районунун Атабеков айыл аймагындагы Турк-Абад айылында 150 даана габион торчосу бөлүнүп берилип, орнотуу жумуштары аяктады.

Жумуш жүрүп жаткан объектилер;

1. Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Итагар айылында 50 даана габион торчосу бөлүнуп берилип, 100 метр аралыкта Итагар дарыясынын сол жээгин бекемдөө жумуштары жүрүп жатат.

2. Кара-Көл шаарынын Чон-Таш участкасында 60 метр аралыкта селден сактоочу тосмо жасоо жумуштары жүруп жатат.

3. Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя 2 участкасында 500 метр аралыкта сел сайын тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

4. Ноокен районунун Момбеков айыл аймагындагы Эски-Кочкор-Ата айылында 300 метр аралыкта сел өтүүчү каналды тазалоо жумуштары жүрүп жатат.

Учурда атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чарасына кошумча 4 объект киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×