Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.04.2019 14:59

Жалал-Абадда Апрель элдик революциясынын 9 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад шаарынын «Эркиндик» аянтында 7-апрель — Элдик революциясынын 9 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Э.Омошев, Жалал-Абад шаарынын мэри М.Тагаев, мекеме-ишканалардын башчылары, апрель окуясынын баатырлары, катышуучулары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл алгач Апрель баатырларын, иш-чаранын катышуучуларын Элдик революция күнү менен куттуктап: «2010-жылдын 7-апрели — кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Кырчындай болгон эр-азаматтарыбыздын каны-жаны менен акыйкаттык орноду, калыстык өз үнүн ааламга жаӊыртты. Кыргызстаныбызда тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү болсун», - деп белгиледи.

Иш-чарада «Эркиндик» эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, атайын театрлаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×