Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.04.2019 20:16

Жалал-Абадда жаш балдар арасында көз оорулары күч алды, - дарыгер А.Кочеров

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жаш балдар арасында көз оорулары күч алды. Бул тууралуу облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Авангард Кочеров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аймакта глаукома оорусуна чалдыккандар көп.

«Биздин аймакта бейтаптар көбүн эсе глаукома, көздүн жаракаты жана көздүн тор челинин жабыркашы, башкача айтканда көздүн айнекчесинин кургап калуусу деген оорулар менен кайрылышат. Мурда бул оорулар көп катталбаса, азыр күн санап жашарып баратканы байкалат.

Учурда жаш балдарды алаксытуу үчүн телефонду берип коюп, оорунун көбөйүшүнө шарт түзүп жатабыз. Буга чейин жабдуулардын жоктугуна байланыштуу бир топ кыйынчылыктарга кабылып келчүбүз, учурда өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу менен жаңы жабдууларды алдык. Быйыл Кызыл Ай коомунун колдоосу менен Аксы району, Кара-Көл жана Жалал-Абад шаарларына 5 млн сомдук жабдуулар алынды», - дейт А.Кочеров.

Мындан тышкары, ал 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Кызыл Ай коомунун колдоосу менен 8-апрелден баштап Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында, Аксы, Чаткал райондорунда көздүн көрүүсүн акысыз текшерүү жана диагностикалоо иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Буга чейин 1-апрелден баштап Ош облусундагы мектеп жана лицейлерде текшерүүлөр уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×