Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.04.2019 16:37 На русском

Жалал-Абаддын вице-мэри өспүрүмдөрдүн адебин оңдоонун жолун айтты (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында балдардын укуктарын коргоо, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу аракеттери күчөтүлөт. Тийиштүү адистер бул багытта иш алып баруунун эффективдүү жолдоруна өтүүнү көздөшүүдө. Бул тууралуу мэриянын координациялык кеңешмесинин кезексиз жыйынында айтылды.

Жыйынга катышкан биринчи вице-мэр Майрамбек Адылбековдун айтымында, маселени чечүүдө жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары, билим берүү тармагы жалпы коомчулук менен бирге иш алып баруусу керек.

«Акыркы учурларда балдарга байланыштуу жаралган маселелерди чечүү же алардын алдын алууда өткөрүлгөн рейддерден, мектептердеги түшүндүрүү иштеринен жыйынтык чыкпай жатканы байкалууда. Ошол эле мектептердеги бул багыттагы иш-чараларга окуунун алдыңкылары катышып, жүрүм-турумунда өзгөрүүлөрү барлар көмүскөдө калууда. Мындан улам алдыда өспүрүмдөрдүн адебин оңдоп, өстүрүүдө коомчулукка таасирдүү инсандар менен болгон жолугушууларды өткөрүү пландалууда», - дейт М.Адылбеков.

Жалал-Абад шаарында 2018-жылдын үч айында балдар жасаган кылмыштардын саны 7 болсо, 2019-жылдын бул мезгилинде 9 кылмыш катталды. Шаардагы жалпы 20 орто мектепте 22 миңден ашуун окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×