Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.04.2019 15:40

Жалал-Абадда насыя алуунун жана аны пайдалануунун жолдору талкууланды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бүгүн, 4-апрелде Каржы институттары менен бизнес коомчулугунун натыйжалуу диалогун түптөө максатында иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, анын орун басары Мамасалы Акматов, Улуттук банктын өкүлдөрү, ишкерлер жана банктардын жетекчилери катышты. Анда жеке ишкерлердин банктар менен иштешүүсү жана аларга насыя берүү маселеси талкууланды.

«Негизи Кыргыз-орус өнүктүрүү фонд, Кепилдик фонд менен иштешебиз. Насыялар банк аркылуу берилет. Насыя алууда күрөөгө коюлчу сумма жетпей калганда ишкерлер Кепилдик фондго кайрылса болот. Кепилдик фонд насыянын суммасынын жарымына чейин өзүнүн кепилдик суммасын төгүп бере алат. Ошентип насыя алса болот. Аны алган соң туура иштетүүнүн жолдорун дагы билүү шарт», - деди Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун түштүк региону боюнча координатору Санжар Эргешов.

Жолугушууда ишкерлер банктардын өкүлдөрүнө өздөрүн кызыктырган суроолорун узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×