Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.04.2019 16:46

Жалал-Абадда «Жаш мугалим» сынагы өтүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында мугалимдер арасында «Жаш мугалим» сынагы өтүп жатат.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, сынакка жалпы 50гө жакын мугалим катышууда.

«Сынакты жаш педагогдордун жумушка болгон кызыгуусун арттыруу жана тажрыйба алмашуу максатында уюштуруп жатабыз. Ага шаардагы 16 мектептен 48 мугалим катышууда. Сынак эки күнгө созулат, 4-апрелде жыйынтыгы чыккан соң, жеңүүчүлөргө шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан ардак грамоталар жана дипломдор ыйгарылат», - деди шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук бөлмөсүнүн башчысы Айдай Арапбаева.

Өткөн жылы аталган сынакта 1-орунду №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери ээлешкен. Жалал-Абад шаарында 20 мамлекеттик, 3 жеке менчик мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×