Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.03.2019 18:11

Жалал-Абадда эл аралык театр күнүндө «Кыял» драмасы коюлду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 27-март — Эл аралык театр күнүндө Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы театрдын жамааты көрүүчүлөргө Жаныш Кулмамбетовдун «Кыял» драмасын сахналаштырып көрсөтүштү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, чыгарманы коюу үчүн театрдын жамааты өзгөчө даярдык көрүшкөн. Драманын негизги сюжети көл жээгиндеги ак куулар тууралуу. Ал ак кууларды атууга келген мергенчини кичинекей секелек кыздын токтотуп калуусу менен башталат.

«Драманын темасында эле айтылып тургандай, анда адамзаттын кыялы, ой-мүдөөсү, азыркы жашоосу, эртеңи тууралуу сөз жүрөт. Негизи «ак куулар сүйүүгө туруктуу келет, эгер алардын түгөйү өлсө, экинчиси да сөзсүз өзүн өлтүрөт» деп айтылып жүрөт. Сюжет жаш күйөрмандарды табигатты сүйүүгө тарбияласа, улуу муундун өкүлүн туура жашоого үндөйт», - дейт драма театрдын көркөм жетекчиси, режиссёр Бакыт Жумалиев.

Мындан сырткары, ал быйылкы жылы театрдын эмгек жамааты Россия Федерациясынын бир нече аймактарына гастролго чыгышарын кошумчалады.

Барпы Алыкулов атындагы драма театр 1992-жылы түптөлүп, 1993-жылы облустук макамын алган. Аталган мекемеде штат бирдиги 100дөн ашат. Жыл ичинде театр сүйүүчүлөргө үчтөн кем эмес спектакль тартуулап келет. Мекеменин жамааты эл аралык театр күнүндө сүмөлөк бышырып, конокторго майрамдык шаң тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×