Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.03.2019 15:48

Быйыл Жалал-Абаддын аймагында 16 чакырымдан ашык жол асфальтталат

Turmush -  Быйыл Жалал-Абад облусунда жалпы 16 чакырым 700 метр жолго асфальт төшөлөт.

Маалым болгондой, Жалал-Абад—Балыкчы жол башкармалыгына мамлекет тарабынан жалпы 219 млн 185 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Бул суммага жолдорду оңдоо, асфальттоо, жол белгилерин орнотуу иштери жасалат.

«Башкармалыктын карамагында 7 жол тейлөө ишканасы бар. Быйыл асфальт төшөлчү 16 чакырымдан ашуун жол бөлүнүп алынды. Өткөн жылы облуста 30 чакырымга чукул жолго асфальт төшөлгөн», - деди жол тейлөө башкармалыгынын башкы инженери Камалбек Исманов.

Мындан сырткары ал, өткөн жылы Чаткал районунда 1,8 км, Кербен шаарында 2 км, Топ-Жаңгак—Кара-Суу унаа жолунда 2 км 700 метр, Кара-Жыгач—Сары-Челек жолунда 5 км, Көк-Жаңгак шаарында 1 км, Жалал-Абад шаарында 3,1 км, Ала-Бука—Киров—Жаңы-Базар унаа жолунда 1 км, Таш-Көмүр автожолунда 1 км, Кербен—Кашка-Суу унаа жолунда 1,5 км, Кербен—Үч-Коргон жолунда 700 метр жолго асфальт төшөлгөнүн кошумчалады.

Аталган башкармалык 1943 км авто жолду тейлейт, анын ичинен 98 чакырымы эл аралык маанидеги, 622,7 чакырымы мамлекеттик, 1222 чакырымдан ашууну жергиликтүү маанидеги унаа жолдор болуп эсептелет. Башкармалыктын карамагында 7 жол тейлөө ишканасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×