Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.03.2019 13:36 Жаңыланды: 25.04.2019 22:26

Айыл турмушу: Уста Т.Сооронбаев комуз, кыл кыяк, домбраны бириктирип жасоодо (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынын 58 жаштагы тургуну Таштанбек Сооронбаев 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Колунан көөрү төгүлгөн уста учурда комуз, кыл кыяк, домбура жасайт. Уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал жаш кезинде эле музыкалык аспаптарга кызыкчу. Кийин музыкалык окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. Учурда ал жаштарга музыкалык аспаптардын түрлөрүн жасоону үйрөтөт. Ал ошондой эле окуучуларга комуз, кыл кыяк, домбраны чогуу үйрөтүү максатында 3 аспапты бириктирип жасоодо.

«Бир комузду бир жума аралыгында жасап бүтөм. Анткени аларды жасоого чоң мээнет кетет. Акыркы убакта буйрутма бергендер дагы көп болуп жатат. Даяр комуздарды 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин сатам. Учурда окуучулардын үйрөнүшүнө оңой болушу үчүн комуз, кыл кыяк, домбраны бириктирип жасап жатам.

Мындан тышкары, бактын тамырларынан түрдүү жаныбарлардын сөлөкөтүн, азем белектерди жасайм», - деди ал.

Таштанбек Сооронбаев белгилегендей, Көчмөндөр оюндарына активдүү катышып, Жалал-Абад облусунун атын чыгарып, байгелүү орундарга жетишип келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×