Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.03.2019 15:55

Жалал-Абадда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 26-мартта Жалал-Абад шаарында Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан «Кыргыз жараны жарандык интеграцияны өнүктүрүү элдин биримдигинин негизи» конференциясы уюштурулду. Анда кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү өткөрүлүп, түрдүү улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук кийимдерин көргөзүштү.

Бул саамалыкка өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эсенбек Тогонбаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышов жана түрдүү улуттардын маданий борборлорунун өкүлдөрү катышты.

Эсенбек Тогонбаев ассамблеянын түзүлүшүнүн тарых таржымалына жана улуттар биримдигин чыңдоо багытында түрдүү саамалыктар өтүп келгенине токтолду.

Бийлик өкүлдөрү өлкөдө ар улуттун өз ара ынтымак-ырашкерликте жашап жатышканын баса белгилешти. Ал эми өзбек улуттук маданий борборунун өкүлү Махамаджан Насирдинов, «Славяндардын диаспорасы ассоциациясынын» өкүлү Мария Откидач, уйгур улуттук маданий борборунун өкүлү Алишер Насыркулов сөз сүйлөп, Кыргызстан алар үчүн мекендеген жери экендигин, өлкөнүн өнүгүп өсүүсүнө өз салымдарын кошо бере тургандыктарын айтышты.

Учурда облуста «Славяндардын диаспорасы ассоциациясы», уйгурлардын «Иттипак» коому, татар-башкырлардын «Идель» коомдук бирикмеси, түрктөрдүн «Астүрк» жана «Түрк ата» коомдук бирикмелери, өзбектердин «Янги аср» уюмдары иштеп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×