Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.03.2019 12:45 На русском

Жалал-Абаддын башчысы жарандар майыптыкка чыгуу үчүн канча «ставка» беришерин айтты (видео, сүрөт)

Turmush -  Жарандар майыптык топко чыгуу үчүн 5 миң сом «ставка» беришет экен. Бул пикирди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 25-мартта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын майыптык топко чыгуудагы кыйынчылыктары талкууланган жыйында билдирди.

Жыйында дарыгерлик консультативдик комиссиялардын жана аймактык медициналык социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) курамындагыларга карата калк арасындагы нааразычылыктар күч экендиги айтылды.

Өкүл өзгөчө МСЭКтин ишине нааразы болуп, кайрылгандар бар экенин ачыктады.

«Мага кайрылгандар бар. Өзгөчө МСЭКтин ставкасы 5 миң сом экенин айтып жатышат. Бир-экөө эмес, бир катар жарандар айтууда. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт.

"Ставкаңар" бар үчүн айтылып жатат да. Жарандын майыптыгы барбы, аны кыйнабастан мыйзам чегинде комиссиядан өткөрүп бергиле. Эл да нааразы болбойт. Саламаттыгы майыптыкка жол бербейби анда кайтаргыла. Бюрократизм күчтүү экен. Кааласаңар кабыл аласыңар, каалабасаңар кабыл албай коёсуңар.

Сөзсүз жетекчи же Жогорку Кеңештин депутаттары байланышы керек экен. Күчтүү комиссия болуп калыпсыңар. Тыйынына же таанышына карабай баарына бирдей мамиле жасагыла. Биз да элдин үнүн угабыз, силерге да жеткирип туруубуз керек», - деди ал.

Ошондой эле ал мыйзамсыз аракеттер токтобогон жайда күтүүсүз текшерүү жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Облустук оорукананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев жарандардын майыптыгы болсо да айрым адистердин кайдыгерлигинен майыптыкка убагында чыга албай калган окуялар бар экенин моюндады.

Ал эми МСЭКтин өкүлдөрү коррупциялык элементтерден алыс иштеп жатышкандыктарын, аларга кайрылган адамдар толук документ тапшырууну каалабастан же документтери туура келбесе ар тарапка кайрылуу адатка айланып баратканын, алар ак иштеп жатышканын айтышты.

Ал эми Жалал-Абад облусунун прокурору Айбек Турганбаев азырынча комиссиялардын үстүнөн коррупциялык элементтер боюнча арыз менен кайрылуулар жок экендигин, эгер майыптыкка чыгуучулардан тыйын сурап кыйнап жатса, прокуратурага кайрылуу зарылдыгын айтып кетти. Жыйында бул комиссиянын ишине укуктуу баа берилиши да мүмкүндүгү айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×