Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.03.2019 11:21

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө бүгүн, 26-мартта саат 08:04тө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Саты, Таран-Базар айылдарында 3 баллга, Кара-Чолок, Калмак-Кырчын айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Булак айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×