Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.03.2019 21:17 На русском

Жалал-Абадда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жыйыны өттү (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Барпы атындагы театрында бүгүн, 24-мартта «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жыйыны өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан 500гө жакын адам катышты. Анда алгач КСДПнын тарыхы, партиянын өлкөдөгү орду жөнүндө сөз болду. Ошондой эле, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу түрдүү пикирлер айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө аталган кыймылдын Сузак районундагы координатору болуп мурда билим берүү бөлүмүн жетектеп кеткен Дүйшөн Токтогулов тандалса, Жалал-Абад шаарындагы координатордун милдетин аткарууга экс-мэр Максатбек Жээнбеков тандалды. Ал эми Зарыл Тургунбаев аталган кыймылдын облустагы координатору болду. Эми алар республикалык съездде бекитилмекчи. Жыйында мындан ары да кыймылдын иши жандана берээри айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×