Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.03.2019 13:37 На русском

Жалал-Абадда Март элдик революциясы эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда бүгүн, 24-мартта биринчи элдик революция катары тарыхта калган март ыңкылабы эскерилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышов жана март революциясынын активдүү катышуучулары катышты. Адегенде, жоогазын ыңкылабы катары тарыхта калган март окуясына арналып курулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду.

Андан соң, революциянын катышуучуларына мэрия тарабынан уюштурулган сый тамак тартууланды.

Жалал-Абад жергесинде өлкөнү 15 жыл башкарган тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлигине каршы нааразычылык акциясы башталып, бир нече күнгө созулган. Облуста башталган нааразылыкка башка аймактардагы эл да кошулуп, миңдеген адамдардын күчү менен бийлик куралсыз алмашкан.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин бийликке нааразычылык билдирип алгач Аксынын эли чыккандыгы, андан кийин Жалал-Абад жергесиндеги март ыңкылабы башталышынан улам да «Жалал-Абад – революциянын бешиги» катары аталып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×