Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.03.2019 13:43

Жалал-Абадда боз үйлөр тигилип, 40 казанга кайнатылган сүмөлөк элге таратылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамы кызуу белгиленип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нооруз майрамында борбордук аянтка 4 боз үй тигилип, сүмөлөк кайнатылган казандын элеси чагылдырылып жасалгаланган. Саамалык 20-мартта «Курманбек» фольклордук талаасында 40 казанда кайнатылган сүмөлөктү элге ооз тийгизүү каадасы менен башталды. Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошов баштаган бийлик өкүлдөрү катышып, алар элди Нооруз майрамы менен куттукташты.

Майрамдык салтанат ыр-күүлөр, бийлер менен коштолду. Андан сырткары, кечээ кайнатылган сүмөлөк балдар үйүнө, ооруканадагы бейтаптарга да таратылды.

Жалал-Абад шаарынын бийлиги бул майрамды өткөрүү үчүн шаар бюджетинен 190 миң сом бөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×