Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.03.2019 17:48

Сүрөт: Жалал-Абадда сүмөлөк фестивалы өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 20-мартта Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» фольклордук талаасында 40 казан асылып, сүмөлөк фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул саамалыкта фольклордук талаа кыргыздардын байыркы турмушун чагылдырган этникалык шаарчага айланды. Анда боз үйлөр тигилип, селкинчек коюлуп, жаштар селкинчек тебүү менен алек болушууда. Элдик майрамда жергиликтүү мекеме-ишканалар тарабынан 40 казан асылып, сүмөлөк кайнатылууда.

Сүмөлөк кайнатуу салтанатынын расмий бөлүгүнө калаа башчысы Мураталы Тагаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, аппарат жетекчи Ислам Масабиров катышып, тургундарды майрамы менен куттукташты.

«Бүгүн биз жаздын жарчысы катары кабыл алынган Нооруз майрамын кубанычтуу майрамдоо алдында турабыз. Нооруздун негизги майрамдык тамагы болгон сүмөлөк фестивалыбызды да жакшы баштап алдык. Бул саамалыкты уюштуруунун негизги максаты — элибиздин тарыхын, маданий мурастарын жана баалуулуктарын даңазалоо менен жалпы элди биримдикке чакыруу», - дейт М.Тагаев.

Ал эми сүмөлөк үчүн атайын түзүлгөн калыстар тобу буудайды өндүрүүдөн тарта көз салып жатат. Эртең бышырылгандан кийин эң даамдуу сүмөлөк жасаган жамаатка 40 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат. Бул саамалыкты өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 190 миң сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×