Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.03.2019 10:37 Жаңыланды: 10.04.2019 15:27

Айыл турмушу: Дыйкан А.Төрөканов Казакстан, Россиянын базарларын жашылча менен камсыздайт (видео, сүрөт)

Turmush -  Шамалды-Сай шаарчасынын тургуну, дыйкан Алмаз Төрөканов талаага эккен жашылча-жемиштерди Казакстан, Россия сыяктуу өлкөлөргө экспорттоонун жолун тапты. Дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, жашылчанын түшүмүн эрте алуу максатында акыркы эки жылдан бери полиэтилен баштыкчасынын ордуна кадимки аба өткөрчү кездемени пайдаланат. Быйыл үч гектар жерди даярдап, анын эки гектарына болгар калемпирин, калганына помидор жана баклажан эгүүнү пландап жатат.

«Өзүм 10 жылдан бери дыйканчылык кылып келем. Ал эми болгар калемпирин эгип, аны коңшу өлкөлөргө экспорттоп жатканыма 9 жылдай болду. Талаага эгүүчү көчөттү да өзүм камдагандыктан, күнөсканага февраль айынын башында болгар калемпиринин жана помидордун уруктарын эккем. Алар даяр болгондон кийин бир гектар аянтка эктим, 1 гектар жерге 60 миң даана көчөт эгилди. Орто эсеп менен бир түп көчөттөн 2,5 килограммга чейин түшүм алууну көздөп жатам. Былтыр да түшүмдү эрте алып, болгар калемпиринин бир килограммын 82 сомдон сатып баштап, акыркыларын 12 сомдон бердим. Быйыл да базарга эрте алып чыгууга аракет кылып жатам», - дейт дыйкан.

Анын айтымында, Кыргызстандын базарларында айыл чарба продукцияларын алгачкылардан болуп Шамалды-Сай шаарынын дыйкандары алып чыгышат.

«Түшүмдү бат алуу максатында талаага да өсүмдүктөрдү сээп, үстүнө плёнка жаап койчубуз. Азыр анын ордуна атайын Москвадан кездеме алдырып, ошону жаап жатабыз. Кездемеден өсүмдүккө аба, жаан-чачын жааган учурда жамгырдын суулары өтөт. Аба ырайы кескин төмөндөгөн учурда жылуулукту кармап турат. Буга чейин март айында кар жаап жиберсе өсүмдүктөрүбүздү үшүк алып, күн катуу ысыганда анын ичиндеги температура көтөрүлүп, өсүмдүктөр күйүп кетип, бир топ убара тартчубуз. Азыр андай көйгөйдөн арылдык», - дейт ал.

Ошондой эле ал быйыл дагы алган түшүмүн Казакстан, Россия сыяктуу коңшу өлкөлөргө биринчилерден болуп экспорттоону пландап жатканын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×