Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.03.2019 11:31 Жаңыланды: 15.03.2019 11:47

Жалал-Абадда айыл чарба шаймандары, үрөндөр, көчөттөр жармаңкеге коюлду (сүрөт)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Барпы Алыкулов атындагы айыл чарба кооперативинде жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникаларынын даярдыгы, дыйкандарды сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо боюнча облустук семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү Кубаныч Эшмамбетов, райондун акими Э.Омошев жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары катышты.

Анда кылкандуу дан эгиндердин, пахтанын үрөндөрү, мөмөлүү алма-бактардын көчөттөрү жармаңкеге коюлду. Райондогу айыл чарба техникалардын, шаймандардын абалы текшерилди. Мында өз колу менен түрдүү тетиктерден айыл чарбасына керектелген техникаларды жасап, элге кызмат көрсөтүп жаткан аракетчил тракторчулардын тажрыйбасы көрсөтүлдү.

Өкүлдүн орун басары Ы.Ызабековдун айтымында, облуста 12633 гектарга күздүк кылкандуу дан эгиндери эгилген. Учурда андагы дан эгиндерин азыктандыруу иши кызуу жүрүүдө. Тактап айтканда, бүгүнкү күнгө чейин 7194 гектарына жер семирткичтер себилди.

«Облус боюнча быйыл жалпы 155900 гектарга айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү пландаштырылган. Анын ичинен 32700 гектарга жүгөрү, 4600 гектарга күрүч, таруу, 13400 гектарга пахта, 13000 гектарга май өсүмдүктөрү, 9100 гектарга картошка, 3747 гектарга бакча өсүмдүктөрүн, 3818 гектарга жаздык буудай жана 8263 гектарга арпа эгүү болжолдонгон. Бүгүнкү күнгө карата 400 гектар жаздык буудай жана 1600 гектар арпа эгилген. Жазгы талаа жумуштарын ишке ашырууда үрөн менен камсыздоо толугу менен колго алынды.

Жазгы талаа жумуштарына айыл чарба техникаларынын 80 пайызы даяр болуп калды. Ал эми минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселеси өкмөт тарабынан колго алынууда. Дубанга 28 миң тонна минералдык жер семирткич керек болсо, 10000 тоннасы дыйкандарга жеткирилип берилди.

Учурда айдоо аянттарды натыйжалуу пайдалануу, майда дыйкан, фермер чарбаларды өз ыктыярлары менен бириктирүү, чарбаларды ирилештирүү максаттары турат», - деди Ы.Ызабеков.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өкүлү кооперативдердин ишин дагы жандантуу боюнча концепция иштелип, долбоору даяр болуп калганын, ал 19 иш-чарадан тураарын белгиледи. Семинарда талаа иштерин колго алуу маселеси талкууга алынып, дыйкандарга түшүмдүүлүктү арттыруу боюнча маалымат берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×