Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 13.03.2019 10:06

Жалал-Абадда америкалык ыктыярчыларды туризм тармагына тартуу демилгеси көтөрүлдү

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну кабыл алды.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштар боюнча сөз болду. Анда Америкадан келген ыктыярчыларды туризм тармагына тартуу демилгеси көтөрүлдү.

Адегенде М.Акматов Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп тааныган мамлекеттердин баш сабында АКШ болгонун, 1992-жылы биринчилерден болуп элчилик ачылганын белгилөө менен эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу мындан ары да күчөй берерине үмүт артаарын айтты.

Ошондой эле, облустун социалдык-экономикалык абалы боюнча да кеп козгоду.

«Биздин облус энергетиктердин флагманы боло алат. Анткени бизде 6 ГЭС бар, энергетика тармагы жакшы жолго коюлган. Өнөр жай, мал чарба багытында да жакшы жылыштар бар. Бизде туризмди багытында иш алып барууну колго алсак болот. Анткени дубанда жаратылышы кооз Сары-Челек, жаңгак мекени болгон Арстанбап, Сафед-Булан сыяктуу тарыхый жайларыбыз бар. Сиздерди жаратылышы кооз жерлерибизге келип эс алып кетүүгө чакырам. Америкалык туристтер кооз аймактарыбызга суктанышат», - деди М.Акматов.

Элчи Дональд Луну 14 жыл мурда облуска келгенин белгилеп, өлкө өнүгүү жолунда экенин айтты.

«Мен Ош шаарына учактан түшөөрүм менен көп кабаттуу имараттар салынып жатканын көрдүм. Жалал-Абадда да курулуштар жүрүп жатыптыр. Бул өлкөнүн экономикалык абалы жакшырганынан кабар берет. Жолдо келе жатып мал-жандыктарды көп көрдүм, төлдөп жаткан мезгили окшойт. Бул да элдин байлыгы, жашоо-турмушу жакшы нукка түшүп жатканы деп эсептейм. Ал эми эки мамлекеттин достук алакалары мындан ары да тыгыз кызматташтыкта улана берет», - деди элчи.

Мындагы жолугушууда туризм тармагы өзгөчө талкууга алынып, АКШнын Тынчтык корпусунан чет тилин үйрөтүү үчүн келген ыктыярчыларды туризм тармагына тартуу демилгеси да көтөрүлдү. Анда элчи Тынчтык корпусунун жетекчиси менен сүйлөшөрүн, ыктыярчылар туризм багытында жакшы көмөкчү болоорун билдирди. Эки өлкөнүн делегаттары мындан ары да кызматташуу бекемделе берерин айтышып, ийгиликтерди каалашты.

Өлкөдө 1000ден ашуун Тынчтык корпусунун ыктыярчылары иштеп кетишкен. Ыктыярчылар өкмөттүн чакыруусу менен жана 1992-жылы бекитилген келишимдин негизинде эмгектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×