Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.03.2019 15:12

Жалал-Абадда өкүлдүн кубогуна арналган көк бөрү мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Сузак районунун «Телтору» ат майданында өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Аймактык кабарчы билдиргендей, мелдеш 3 күнгө созулду.

«Көк бөрү биздин улуттук оюн болуп саналат. Элди ынтымакка, биримдикке чакырып, улуттук оюнду колдоо, улантуу максатында өткөрүлдү», - деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

Маалым болгондой, мелдешти өткөрүүгө Жалал-Абад облустук администрациясы тарабынан 150 миң сомдой каражат бөлүнгөн. Мында көк бөрү оюну 3 күнгө уланып, ага райондун айыл аймагынан 7 команда катышты. Оюндун үчүнчү күнүндө жеңүүчүлөр аныкталып, акчалай сыйлыктар жана сертификаттар тапшырылды.

Жыйынтыгында 1-орунду «Жаштык» командасы ээлеп, 50 миң сом жана кубок менен сыйланды. 2-орунду «Тайгараев» командасы ээлеп, 30 миң сом менен сыйланса, 3-орунду Достук айыл аймагынын командасы алып, 20 миң сомго ээ болду. Ал эми 4-орунду алган Жалал-Абад шаарынын курама командасына 10 миң сом тапшырылды.

Буга чейин Сузак районунун акиминин кубогуна арналган көк бөрү оюнунда дагы «Жаштык» командасы жеңишке жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×