Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.03.2019 11:42 Жаңыланды: 07.03.2019 18:30

«Жумуш аял же эркектики деп бөлүнбөйт», - Жалал-Абад шаарын көрктөндүргөн айым (сүрөт)

Turmush -  Аялзатынын улуулугун даңазалаган 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата Turmush басылмасынын кабарчысы Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасында иштеген Азиза Мирзаманова менен таанышты.

30 жаштагы Азиза Мирзаманова күн сайын саат 07:00дө шаардан 25 чакырым алыс жайгашкан Бек-Абад айылынан 3 жаштагы уулун ээрчитип, жумушка шашат. Бул ишканада ал 2 жылдан бери иштейт. Өзүнүн айтымында, Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасында жалпы 6 аял иштейт.

«Өзүм шаарда иштегендиктен 3 жаштагы уулумду өзүм менен ээрчитип келип, бала бакчага калтырып, андан кийин жумушка барам. Жумушубуз саат 08:00дө башталат, менден тышкары ишканада 6 аял бар. Биз деле ишкананын башка кызматкерлериндей болуп колубузга күрөк алып, жер тээп, көрктөндүрүү багытындагы иштерди аткарабыз. Аял же эркек кызматкер болобу, талаптар баарыбызга бирдей коюлат. Техникалар көбүрөөк болгондуктан алар менен көбүнчө эркек кишилер иштешет. Мен үчүн жумуш анчалык деле кыйын эмес. Бирок айрым учурда сыртта суук болуп, жамгыр жаап жаткан учурда жер тээп, гүлдөрдү эгип, топуракты кармаганга туура келет. Ал эми жайдын аптаптуу күндөрүндө гүлдөрдү отоп, аларды сугарганга туура келет. Жумушка жаңы орношкондо көчөдө иш кылып жатканда адамдардан уялчумун. Кийинчерээк ак эмгек менен нан таап, иштеп жатканым үчүн уялбаш керек экенин түшүндүм», - дейт Азиза.

Анын айтымында, алардын иши жол четиндеги аянттарга гүлдөрдү, көчөттөрдү эгүү менен гана чектелбейт. Арыктардын ичин, тротуарларды, гүлбакчаларды таштандыдан да тазалашат.

«Бизде бул аялдарга же эркектерге тиешелүү жумуш деген эреже жок. Кандай жумуш болбосун баарыбыз бирге аткарабыз. Бир гана гүлдөрдү эгүү менен алектенбестен таштандыларды дагы тазалайбыз. Айлык маянабыз 9500 сомду түзөт. Ал каражатты баламдын бала бакчасына жана үй-бүлөлүк муктаждыктарга жумшайм», - деди ал.

Азиза Мирзаманова саат 17:00дө жумушу аяктагандан кийин баласын бала бакчадан алып, үйгө кетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×