Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.03.2019 20:58

Жалал-Абад шаарында быйыл гүлдүн 10 түрү эгилет (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында быйыл гүлдүн 10 түрү эгилет. Бул тууралуу шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасынын жетекчиси Шерболот Ашанбаев билдирди.

Анын айтымында, күнөсканада өстүрүлүп жаткан гүлдөр апрель айынын башында толугу менен шаардын көчөлөрүнө отургузулат.

«Азыркы тапта борбордук көчөлөрдөгү гүл эгүүчү жайларды гүлдөрдү отургузууга даярдап жатабыз. Мындан сырткары роза гүлдөрү дагы отургузулуп жатат. Быйыл арчалардын алты түрү эгилет, анын эки түрү келип, алар эгилди. Ал эми төрт түрүнө тендер жарыялап, алып келип берчү тарапты күтүп жатабыз», - дейт Ш.Ашанбаев.

Мындан сырткары, ал өткөн жылы шаардын борбордук Ленин көчөсүнө коюлган 58 даана гүл челектер быйылкы сезондо мекеме-ишканалардын алдына, эс алуучу жайларга орнотуларын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы шаардын казынасынан көрктөндүрүү үчүн 1,5 млн сомго жакын каражат бөлүнсө, быйыл 1 млн 958 миң акча каражаты бөлүнүп берилген.

Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасында 71 кызматкер эмгектенип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×