Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.03.2019 13:29

Жалал-Абадда 300дөн ашуун аял сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 6-мартта 8-март — Аялдардын эл аралык күнүн утурлай «Аалам ажары - аялзат» аталышында асылзат айымдарды даңктаган саамалык болуп өттү.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаар мэри Мураталы Тагаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда алар айымдардын коомдогу орду теңдешсиз экенин, ар дайым урмат сыйга татыктуу экендиктерин баса белгилешип, өздөрүнүн каалоо-тилектерин айтышты.

Мында Жалал-Абад шаарынын бийлиги 200 аялга акчалай сыйлык жана шаардын өнүгүп-өсүүсүнө салым кошкондорго сыйлыктарды тапшырса, облустун жетекчиси да өкүлчүлүктүн ардак грамоталарын ыйгарды.

Саамалыктын алкагында Барпы театрынын кызматкерлери энелердин түмөн түйшүгүн, алардын мээрмандыгын, ак пейилдүүлүгүн сахналаштырышты. Жергиликтүү өнөрпоздор тарабынан аялзатын даңктаган ырлар жаңырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×