Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.03.2019 12:37

Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Жалал-Абадга барды. Эмне маселелер талкууланды? (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев 5-мартта Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Фейсал Ниаз Тирмизини кабыл алды.

Маалым болгондой, бул жолугушууда эки өлкө ортосунда кызматташтыкты бекемдөө кадамдары талкууланды. Мында айыл чарба, кайра иштеп чыгуу өндүрүштөрүнө көмөктөшүүдө жана туризм жаатында да аталган республиканын кызыгуусу күч экени белгиленди.

Өз кезегинде бул жолугушуу катардагы жолугушуулардан эместиги айтылып, келечекте кызматташуунун башаты болоору кошумчаланды. Мындан ары эки өлкө ортосундагы алакалар өнүгүп, кызматташтыктын көптөгөн чөйрөлөрү боюнча тыгыз иш алып барылары айтылды. Ушуну менен эле чектелбей, эки өлкөнүн Жогорку окуу жайларынын студенттерин билим алуудагы шарттар менен камсыздап, тажрыйба алмашуу жүргүзүлө турганы күтүлүүдө.

Элчи Жалал-Абадга алгачкы жолу келгенин билдирип, мындан ары бул калаа башчысы менен тыгыз кызматташарын айтып, мэрди Ислам Республикасына чакырды.

Шаар мэри Мураталы Тагаев элчиге эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди бекемдөөгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×