Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.03.2019 12:03

Жалал-Абадда көк бөрү боюнча өкүлдүн кубогуна 7 команда ат салышууда (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында өкмөттүн облустагы өкүлүнүн кубогуна арналган көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат. Бул туралуу Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Абдыжапар Капаров билдирди.

Анын айтымында, оюнга жалпы 7 команда катышууда.

«4-марттан 7-мартка чейин өтүп жаткан кубокко учурда 7 команда катышып жатат. Андан тышкары жолдун алыстыгына байланыштуу Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунун командалары чакыртылган жок. Бул командалар Бишкек шаарында болчу оюнга катышат, ал үчүн каражат жагы да чечилип берилди. Эми финалдык беттеш болот. Жеңишке жеткен команда Ош облусунда өткөрүлчү «Нооруз-2019» оюнуна катышууга жолдомо алат. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 40 миң, 3-орунга 30 миң, ал эми 4-орунга 20 миң сом байге берилет», - деди А.Капаров.

Көк бөрү оюну эл арасындагы биримдикти, ынтымакты, достукту бекемдөө максатында өткөрүлүп жатат, ага облус жетекчиси баш болуп, район-шаарлардын аким-мэрлери жана көк бөрү сүйүүчүлөрү катышууда.

Өткөн жылы «Нооруз-2018» улуттук көк бөрү оюну Жалал-Абад облусунда өткөрүлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×