Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 05.03.2019 13:31 На русском

Жалал-Абадда эки жолу соттун чечими менен кызматына келген вице-мэрдин орду 5 айдан бери бош турат

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басарынын орду былтыркы жылдын октябрь айынан бери бош турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Эки жолу сот чечими менен кызмат ордуна келген мурунку вице-мэр Урмат Маматов былтыркы жылдын октябрь айында өз арызы менен кызматтан кеткен. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев дагы Урмат Маматов өз ыктыяры менен жумушун тапшыргандыгын, жакынкы күндөрү дайындоо болоорун айтты.

«Орун басар өзүнүн берген арызынын негизинде жумуштан бошотулган. Кышында шаарда курулуштар болгон жок. Анын милдеттерин мен жана эки орун басарым болуп, жалпы команда аткарып турдук. Жаз келди, курулуш иштери жандануунун алдында турат. Жакынкы күндөрү жаңы орун басар дайындалат. Тигил же бул партияга эмес, иш тажрыйбасына карап дайындайбыз», - деди калаа башчысы.

Жалал-Абад шаарынын мурунку вице-мэри Урмат Маматов 2013-жылы кызматынан бошотулуп, бир жылдан кийин соттун чечими менен кызматы калыбына келтирилген.

Экинчи жолу 2017-жылы ошол учурдагы мэр С.Авазовдун буйругу менен жумуштан четтетилип, анда да шаардык, облустук сот мэрдин буйругун жокко чыгарган. Андан сырткары бош жүргөн күндөрү үчүн шаар бийлигин 76 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×