Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 04.03.2019 12:34

5 жаштагы шахматчы Нурайымдын апасы: Баланы түйүлдүк кезинен тарбиялоо керек (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 6 жаштагы тургуну Нурайым Жакыпова Бишкек шаарында өткөн балдар арасындагы шахмат боюнча республикалык чемпионатта 3-орунга ээ болгон. Жаш шахматчынын үй-бүлөсү менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурайымдын апасы Зульфия Асилованын айтымында, кызы үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү. Ал өткөн жылдын март айынан тарта шахмат боюнча ийримге барат.

«Кызым кичинекейинен тарта зирек болуп өстү. Нурайым 7 айлык боюмда бар кезде илимий диссертациямды жактап, күнү-түнү тыным албай иштеп жүрдүм. Мындан тышкары, өкмөттүк эмес уюмдар менен долбоор жазып иштешип, такыр тыным болгон эмес. Дайыма кыймылда болгонум дагы түйүлдүккө таасирин тийгизди деп ойлойм. Негизи балага түйүлдүк кезинен тарта эле тарбия берүү керек экен. Анткени курсактагы жан эки айынан тарта ѳзүн толук тааныйт, аң-сезими калыптанат, сырттагы жакшы-жаман нерселерди кабыл ала баштайт, угат, тогуз айына чейин энеси тарабынан айтылган ар кандай сөздөргө сугарыла берет. Анан жагымдуу сөздөрдү угуп, ата-эненин мээрими, сүйүүсү тѳгүлгѳн бала жеңил тѳрѳлүп, бул дүйнѳгѳ кубанычта келет экен.

Нурайымдын жаңы тили чыгып, сүйлөп калган кезинде мен үйүбүздүн тепкичтерин, туткаларын жууп жатсам, ал жаныма келип: «эмнеге жууп жатасыз, башка элдер да ушинтип жууйбу?», - деп суроо бергенинен анын зирек экенин байкадым эле. Азыр деле бир эле нерсени ар тараптан карап, ар кандай суроо берет. Өзүм математика мугалими болгондуктан кызым 5 жашка чыкканда аны шахмат боюнча ийримге бердим», - деди З.Асилова.

Анын айтымында, кызы көптөгөн мелдештерде ийгиликтерге жетишип келет.

«Шахмат баланын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүп, анын интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө чоң өбөлгө болорун билем. Шахмат үйрөнгөнүнө бир эле жыл болсо дагы бир катар мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келет. Өткөн жылдын июнь айында Кара-Көл шаарында болгон шахмат боюнча балдар-кыздар арасындагы республикалык мелдешке биринчи жолу катышты. Ошондо эле байгелүү орунга ээ болду», - деди ал.

Ал убагында Нурайымдын чоң атасы мыкты шахматчы болгонун, ал эми таятасы Аксы райондук волейбол боюнча курама командасын түптөгөнүн белгиледи.

Ал эми жаш шахматчынын устаты А.Алаевдин айтымында, Нурайым шахматтын теориясын бат өздөштүргөн.

«Ал шахмат ийримине өткөн жылы келген, бирок аз эле убакыттын ичинде шахматтын теориясын да, практикасын да жакшы өздөштүрүп келе жатат. Буюрса, келечекте өлкөнүн намысын коргогон чоң шахматчы чыгат деп үмүттөнөм. Себеби, учурда Нурайым өзү теңдүүлөрдүн баарын утуп жатат. Албетте, ал шахматка көбүрөөк көңүл бурушу керек», - дейт А.Алаев.

Ушул жылдын башында Бишкек шаарында балдар арасында шахмат боюнча чемпионат болуп өткөн. Ага республиканын аймактарынан 623 жаш шахматчылар катышса, түштүк аймактан 15 бала барган. Анын төртөө Жалал-Абад шаарынан. Жаш категориялары боюнча өткөн мелдештердин жыйынтыгында 5 жаштагы Нурайым Жакыпова 3-орунду камсыз кылгандыгы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×