Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.03.2019 14:03

Ак калпак кийип, ак жоолук салынган жашоочулар. Жалал-Абадда Туу күнү кандай белгиленди? (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнү жана Ак калпак күнү белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Саамалыкты утурлай ак калпак кийген мырзалар, ак жоолук салынган айымдар кодоруна желек кармап, жөө жүрүшкө чыгып, борбордук аянтка топтолушту. Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Мамасалы Акматов, Ырысбек Ызабеков, шаар мэри Мураталы Тагаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда М.Акматов Кыргызстандын эгемен мамлекет экенин далилдеген мамлекеттик символиканын башаты – туунун зоболосу мындан да арта берүүсүн каалап, эгемендүүлүктү, мамлекеттик артибуттарды баалап-барктоого чакырык таштады. Ошондой эле туунун жаралуу тарыхына жана маанисине токтолуп, ак калпак кыргыз элинин баш кийимин да кадырлап жүрүү зарылдыгын белгиледи.

Шаар башчысы да жаштарды мекенди, элди сүйүүгө үндөп кетти. Иш-чарада мамлекеттин эркиндигин даңазалаган патриоттук ырлар жаңырды.

Кара-Көл шаарында эгемендүүлүктүн башкы символу болгон Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чара Улуттук гвардиянын №718 аскер бөлүгүнүн кызматкерлеринин мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүүсү менен башталды.

Иш-чарага шаардын биринчи вице-мэри Өскөн уулу Калыбай, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев жана башка жетекчилер катышып, Мамлекеттик туу күнү менен кызуу куттукташты. Мындан сырткары Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачыл үйүнүн драмалык ийриминин тарбиялануучулары көркөм ырларды окушту.

Иш-чара мэриянын имаратынын алдында өткөрүлдү.

Ноокен районунда 600дөн ашык жашоочу жөө жүрүшкө чыгышты. Район акими Эркин Маматаев район элин Туу күнү менен куттуктап, каалоо айтты. Иш-чара өлкөнү даңктаган ыр-бийлер менен коштолду.

Токтогул шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туу күнү белгиленди. Иш-чарага Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков, райондук мамлекеттик администрация башчысы Т.Жайылов катышты.

Аким туунун тарыхына токтолуп, мамлекеттик гимн жаңырды.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу Жогорку Советтин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Эртеси, 4-мартта желек Өкмөт үйүнүн үстүнө салтанат менен орнотулган.

Авторлору: Маматбек Сыдыков, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров жана Жусуп Матаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×