Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.03.2019 15:52 На русском

Жалал-Абаддын мэри жана орун басары эмгек жамааттын иштен кетүүсү боюнча үн катты

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунун чыгармачыл жамаатынын бир учурда кызматтан кетүүсү боюнча калаа башчысы үн катты.

Шаар мэри Мураталы Тагаевдин пикиринде, кызматкерлер эч кандай кысымга алынган эмес.

«Буга чейин мен борбордогу кызматкерлерге жетекчи гана алмаша турганын, кызматкерлер боюнча эч кандай маселе болбой турганын айткам. Кызматкерлерге эч кандай бут тосуу болбойт», - деди ал.

Маалымат борбордогу жагдай боюнча Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков журналисттерге маалымат жыйын уюштурду.

47

Анын айтымында, борбордогу кызматкерлердин экөө расмий түрдө жумуштан кетишкен. Ал эми калган 5 кызматкер эмгек өргүүдөн ары кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан. Мурунку жетекчинин бир учурда бир топ кызматкерди эмгек өргүүгө чыгарганы мыйзамга туура келбей калган.

«Мекеме-ишканада негизи эмгек өргүү боюнча график болушу керек. Ага карабастан бардыгын эмгек өргүү боюнча документке кол коюп бере берген. 15-февралдан баштап эки кызматкер, 1-марттан тарта эки кызматкер эмгек өргүүгө чыгышкан. Андан ары жумуштан кетүү боюнча да арыз жазышыптыр. Борбордун жетекчиси менен жалпы 5 кызматкерди түзүүдө. Баарысы өз каалоолору менен арыз жазышкан. Бул кадам мыйзамдан сырткары болуп калууда. Биз да бүгүн билип жатабыз. Эмгек өргүүгө кеткендер кайра жумушка кайтып келип, ишке чыкса болот. Силердин алдыңарда белгилеп айта кетейин, кызматкерлерге эч кандай кысым болбойт», - деди ал.

Вице-мэрдин айтымында, маалымат борбордо 11 штаттык бирдик бар. Бул борбор үчүн шаар бюджетинен 3 миллион сом бекитилген. Ошондой эле ал маалымат борбордун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп жергиликтүү телеканалда иштеп келген Азамат Жээнбеков келгенин жарыялады.

Азамат Жээнбеков

48

«Шаардын маалымат саясаты аксабашы керек. Ошондуктан борбордун жетекчисинин милдетин аткаруучу дайындалды», - деди ал.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы маалымат борборунун чыгармачыл эмгек жамааты калаа башчысы менен иштешүүнү каалабагандыктан жумуштан кетишкени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×