Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.03.2019 11:28 На русском

Жалал-Абаддын мэри менен иштешкиси келбеген эмгек жамаат жумуштан кетти

Жалал-Абад
Жалал-Абад

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы маалымат борборунун чыгармачыл эмгек жамааты калаа башчысы менен иштешүүнү каалабагандыктан жумуштан кетишти. Бул тууралуу өз ыктыярлары менен жумуштан кеткен кызматкерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, чыгармачыл жамааттын 7 кызматкери өз ыктыярлары менен жумушун таштап кетишти. Мындай кадамга кызматкерлер мэрдин кадр тандоо саясатына нааразычылыктары жана мэр менен иштешүүнү каалабаганын жүйөө катары келтиришти.

Маалымат борбордун жетекчиси Жалил Сапаров кызматкерлери жумуштан кеткенин ырастады жана өзү да мэрдин демилгеси менен жумушун тапшыра турганын айтты.

«Мен азыр эмгек өргүүдөмүн, андан ары жумушумду тапшырып берем. Кээ бирлери дароо өз арыздары менен, кээ бирлери эмгек өргүүдөн ары кетишти. Мага өкүнүчтүүсү, иштей турган маалында өздөрү мэр менен кызматташуудан баш тартып коюшту. Кызматкер өздөрү бул чечимди кабыл алышты», - деди ал.

Мэриянын алдындагы маалымат борбору 2015-жылы ноябрь айынан бери иштеп келе жатат. Негизинен шаардын муниципалдык саясатын жүргүзүп келишкен. Бир катар интернет сайттарга, ТВ каналдарга шаар бийлигинин саясатын камтыган маалыматтарды даярдап келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×