Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 28.02.2019 10:31

Ата-энелер көзөмөлгө албаган айрым балдар кылмышка барышууда, - Жалал-Абад ШИИБдин башчысынын орун басары М.Ташбаев (сүрөт)

Turmush -  Ата-энелери көзөмөлгө албаган айрым балдар бейбаш балдарга кошулуп, кылмыш иштерге барган жагдайлар болууда. Мындай маалымат 26-февралда балдарды кылмыштуулуктан оолактатуу, диний экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү багытын талкуулаган түшүндүрүү иш-чарасында айтылды.

Ал саамалыкка Жалал-Абад ШИИБдин башчысынын орун басары М.Ташбаев, ШИИБдин экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын ага ыкчам өкүлү Ж.Казакбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Н.Олжобаев, Достук аймактык башкармалыгынын жетекчиси А.Маматова баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Алар №5, №14 мектептерде болушуп, окуучулардын бир катар суроолоруна жооп беришти.

Анда кылмыштуулукка, топтошуп мушташууга жол бербөө, экстремизм, терроризмге каршы күрөшүү багыттары талкууланып, интернет булактарындагы түрдүү терс көрүнүштөргө азгырылбоого чакырыктар ташталды. Мында Жалал-Абад ШИИБдин башчынын орун басары М.Ташбаев жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыш фактыларды айтып, аларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Айрым окуучулар ата-энелердин көзөмөлүнүн жоктугунан мектепке сабакка барбай, бейбаш балдарга кошулуп, кылмыш иштерине барышууда. Ошондуктан биз ата-энелерге да кайрылып кетебиз. Балдарыңыздардын баскан-турганын, кыймыл-аракетин көзөмөлгө алып туруңуздар», - деди М.Ташбаев.

Ошондой эле ал окуучуларга кайрылып жатып: «Окуучулар, силер өлкөнүн келечектүү жаштарысыңар. Бүчүр кезиңерде кылмыштын кылтагына илинип, тагдырыңарды талкалап албагыла. Билим алууну, келечекте жакшы адис болуп, элге кызмат кылууну ойлогула», - деди.

Бийлик өкүлдөрү да окуучуларды Кыргызстандын келечегине жана өсүп-өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн билим менен ийгиликке жетээрин айтышып, алга умтулуу билим алуу өлкөгө кошкон салымы экенин белгилешип, жаман жолдон оолак болууга үндөштү.

Жалал-Абад шаарында 19 мектеп бар. Анда 35 миңден ашуун окуучу билим алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×