Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 27.02.2019 16:12

Жалал-Абадда эшиги бекилип калган турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси көз жумду (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну өз үйүндөгү өрттөн көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү, анын алдын алуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, майор Чынарбек шекенов билдирди.

Анын маалыматына караганда, 27-февралда ӨКМдин шаардагы бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө Г.Базарбаев көчөсүндөгү тургун турак үйдүн ичинде камалып калганы тууралуу кабар түшкөн.

«Куткаруучулар ыкчам жетип барышып, эшикти ачышкан. Үйдөн 1959-жылы туулган С.В.К. аттуу үй ээсинин өрттөн жабыркаган жансыз денесин табышып, укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Учурда каза болгон адамдын өлүмүнүн, өрттүн себептери, келтирилген материалдык зыян такталууда», - деди ал.

Ошондой эле ал адам өмүрлөрүн жана турак-жайларды өрттөн сактоо үчүн күнүмдүк турмушта өрт коопсуздук эрежелерин аткарууну эскертти.

Маалым болгондой, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан райондук, шаардык бөлүмдөрү менен биргеликте өрткө каршы жүргүзүлгөн иш-чараларга карабай, 2019-жылдын 2 айында облус аймагында 64 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 7 млн 571 миң 444 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 1 жаран каза болуп, 3 жаран жаракат алышса, 13 тонна тоют, 10 мал жандыктары, 20 үй канаттуулары жабыркаган. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын ыкчам аракеттеринен улам 11 адам, 1 автоунаа жана 20 млн 811 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калды.

2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өрт кырсыгынын саны 24%га азайганы менен өрттөн келтирилген материалдык зыян 77,2%га өскөн. Тактап айтканда, 2018-жылдын 2 айында 85 өрт кырсыгы катталып, өрттөн келтирилген материалдык зыян 4 млн 273 миң 515 сомду түзгөн.

Жогоруда катталган өрт кырсыктары негизинен электр жабдыктарын колдонууда эрежелердин бузулушунан (28 өрт), мештерди колдонууда эрежелердин бузулушунан (12 өрт), отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан (6 өрт) келип чыкса, 49 өрт турак-жай секторунда катталып, келтирилген зыян 6 млн 861 миң 426 сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×