Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 26.02.2019 12:49 Жаңыланды: 26.02.2019 15:27 На русском

Аксы жана Токтогулдун акими болушу мүмкүн делген талапкерлердин тизмеси

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы жана Токтогул райондоруна акимдик кызматка талапкерлердин ысымдары айтыла баштады. Аймактык кабарчы жеке булактарга таянуу менен эки районго аким болчулардын болжолдуу тизмесин түздү.

Маалым болгондой, Аксы районуна аким болуп барууну каалагандардын саны арбын. Районду башкарууга негизги талапкер катары айтылып жаткандар:

- Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рысбек Ызабеков;

- ӨКМдин Жалал-Абаддагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы мекемесинин башчысы Абдишарип Бекилов;

- Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Эмил Талантбек уулу;

- Кербен шаардык кеңешинин мурунку депутаты Жыргалбек Шакиев.

- Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Бердалы Мырзагулов.

Аталган районду башкарууга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Рысбек Ызабековдо мүмкүнчүлүк бар экени айтылууда.

Мурунку аким кызматтан алынгандан кийин социалдык тармактардын колдонуучулары Абдишарип Бекиловду «акимдик кызматка татыктуу кадр» дешип, аны талапкерликке көтөрүп чыгышты. Ал өз кезегинде ак иштеп берерин айтууда. Анын азыркы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен бирге иштешкендигин эске алганда, аким болушу мүмкүн деген жоромолдор да жок эмес. Акимдин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан Эмил Талантбек уулунун талапкерлиги дагы колдоого ээ болушу ыктымал экени айтылууда.

Ал эми Токтогул районун башкарууга негизги талапкер катары айтылып жаткандар:

- Токтогул шаарынын эки жолку мэри, учурда шаардык кеңештин депутаты Марат Калмурзаев;

- Бел-Алды айыл аймагынын төртүнчү жолку аймак башчысы Таалай Жайылов;

- «Атайын эсеп» мекемесинин жетекчиси Таалай Чотоев, ал буга чейин акимдик кызматты аркалаган;

- Ишкер Тазабек Бөкүшов, ал 20 жылдай Мамлекеттик ветеринария департаментинде эмгектенген;

Бул талапкерлердин экөө, тактап айтканда Таалай Жайылов менен Тазабек Бөкүшов Ооган согушунун ардагерлери. Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү өкмөткө берген сунушунда ысымы аталып жаткан талапкерлер дагы бар.

Буга чейин өкмөт башчы М.Абылгазиев 6 райондун акимин иштен алганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×