Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.02.2019 16:26

Жалал-Абадда жыл башынан бери 100дөн ашуун ата-эне балдарын эмдетүүдө баш тартты

Turmush -  Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 112 адам балдарын эмдетүүдөн баш тартышты. Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Алия Умарова бул маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, ата-энесинин эмдөөдөн баш тартуусунан улам төрөт үйлөрүнөн 27 бала, вирустук сарыкка эмдөөдөн 33 бала өткөн эмес. Наристелердин жаш өзгөчөлүгүнө карай турган болсок, 1 жашка чейинки курактагылар дээрлик эмделген эмес. Тактап айтканда алардын саны 60 баланы түзгөн.

«Дээрлик диний көз караштагы атуулдар баш тартышууда жана алар «чочконун майы бар» деген пикирде болушат. Биз аларга түшүндүрүү ишин жүргүзүп жатабыз», - деп билдирди ал.

Маалым болгондой, былтыркы жылы балдарды эмдөө көрсөткүчү 98 пайызды түзгөн. Деген менен эмдөөдөн баш тарткандардын саны да өскөн.

«2017-жылы 900дөй баланын эне-атасы эмдөөгө каршы болсо, 2018-жылы эмдөөдөн баш тарткандардын саны 1205 болду. Бул ошончо бала эмделбей калды дегенди билдирет. Анын ичинен 818 бала 1 жашка чейинкилер. Эмдөөдөн баш тарткандар эмдөө менен башкарууга мүмкүн болгон жугуштуу илдеттердин баш көтөрүүсүнө жол берип жатышат. Учурунда эмделбей калгандыктан бизде көк жөтөл оорусу катталды. Былтыркы жылы облуста 13 бала көк жөтөл менен ооруду, алардын 80 пайызы эмделбеген балдар болууда. Мисалы, Жалал-Абад шаарындагы бир тууган ага-ини көк жөтөлгө кабылышкан. Балдардын чоң энеси менен сүйлөшсөм, ал: «Союз мезгилинде мен деле эмдөө алып жүргөм. Балдарыма түшүндүрүп, эч көндүрө албай койдум» деди. Балдардын атасы Россияда эмгектенет экен. Анан бир туугандардын апасы менен баарлашып, экөөбүз балдарга кеткен болжолдуу чыгымды (дары-дармек, жол акы, тамак-аштарына чейин) эсептеп чыктык. Бир балага 8 миң сомдун тегеринде каражат жумшалыптыр. Биз «эгер эмдөөдөн өтсө ушул жагдайга түшпөйт элеңер, ушул чыгым өзүңөрдө калат эле» десек, дарыгерлер бизге ушинтип түшүндүргөн эмес дешти. Биз вакцинанын сапаттуулугу, балдардын саламаттыгына тийгизген таасирин канчалык айтканыбыз менен элге экономикалык чыгымдарды эсептеп, түшүндүрүп берсең реакция жакшы болот экен.

Сузак районунда бир бала шал оорусуна күмөндөлүүдө. Аны да ата-энеси убагында эмдеткен эмес. Анализдери бүт алынып, тийиштүү иштер жүрүүдө. Абадан жугуздубу же вакцина албай калгандыктан таасир бердиби, ага текшерүүнүн жыйынтыгы болгондо гана жооп ала алабыз.

Кызамык оорусу боюнча былтыркы жылдын ноябрь айында айрым фактылар орун алды. Бишкектен Базар-Коргонго чоң атасына келген кыз кызамыкка кабылган. Алгач жакындары «жолдон келип кыйналды, сасык тумоо болуп калган» деп маани беришкен эмес. Кыз алсыз боло баштаганда райондогу аймактык ооруканага жеткиришкен. Анда 3-ноябрь күнү кызамыкка кабылганы аныкталган, бирок жумуш күн бүтүп, дем алыш күндөргө туура келип калгандыктан 6-ноябрда жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Ал которулганга чейин жаткан балдар бөлүмүндөгү палатадагы эки бала ооруп калган. Алар 10 күн ичинде кайрадан ооруканага кайтып келишкен. Жалал-Абаддан Базар-Коргонго конокко барган дагы бала да бул ооруга кабылган», - дейт адис.

Маалым болгондой, вакциналар баланын иммундук системасын күчөтүп, башкарууга мүмкүн болгон жугуштуу оорулардын алдын алууга, каршылык көрсөтүүгө же жеңил чыгууга жардам берет.

Ошондуктан ымыркайга төрөт үйүнөн тарта эле эмдөө жүргүзүлө баштайт. Негизинен 11 жугуштуу ооруга каршы вакцина сайылат. Жаңы төрөлгөн балага алгачкы 24 саатта сарыктын В түрүнө каршы эмдөө жасалса, бир жашка чейин сарыкка каршы эмдөө алмакчы. Алгачкы 3-7 күндүн ичинде кургак учукка каршы эмдөө жүрөт. Бала эки айлык болгондо көк жөтөл, кептөөр, тырышма, гемофилдик инфекциянын В түрүнө, шал оорусу жана пневмококк жугуштуу ооруларына каршы эмделет. 3 айлыгында АКДС эмдөөсүн алат. 12 айлыгында кызамыкка, кызылчага, тепмеге каршы эмделет. Ушул сыяктуу өз нормалары, өз учуру менен вакциналар берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×