Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.02.2019 15:25

Жалал-Абадда жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк менен бирге сертификат берилүүдө (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусундагы төрөт үйлөрдө ушул жылдын 15-февралынан тарта балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен бирге сертификат берилип баштады.

Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Алия Умарованын айтымында, бул туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тете болгон сертификат болуп саналат.

«2019-жылы жарык дүйнөгө келген балдарга күбөлүк жете элек болсо үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан эмдөөгө келген учурда берилет. Бул сертификат эмдөөдөн баш тарткандарга дагы берилет. Баш тартканы ошол сертификатка кошо жазылат. Бул сертификат балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө тете документ. Себеби бул сертификаты жок балага паспорт берилбейт. Чет өлкөгө чыккан учурда, бала бакчага, мектепке киргенде дагы балдардын сертфикаты талап кылынат», - деди ал.

Мекеме өкүлү облустук төрөт үйүндөгү энелерге да кеңири түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
48.93% (822)
«РСК Банк»
31.31% (526)
«Капитал Банк»
5.54% (93)
...
Всего голосов: 1680
×