Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.02.2019 11:41

Жалал-Абадда 800дөй окуучу «Шумкар» атайын багыттагы полкунда болушту (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы «Шумкар» атайын багыттагы полкунда мектеп окуучулары үчүн атайын ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага 800дөй окуучу катышып, мекен сакчыларынын күнүмдүк жашоосу, жумушу менен таанышты.

«Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы ачык эшиктер күнүн уюштуруп жатабыз. Иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө, жана патриотуулукка үндөө болуп эсептелет. Келген окуучуларга күжүрмөн машыгууларды көрсөтүп, техникалар жана курал-жарактар менен тааныштырдык», - дейт ОИИБдин башчысынын орун басары Марат Хажиматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×