Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.02.2019 14:59

Жалал-Абадда Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата саамалык уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, майрамдык салтанатка өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

М.Акматов мекенди коргой билүү ар бир мырзанын милдети экенин, мекенди коргоочулардын эмгектерин баса белгилеп, аларга амандык каалады. Ошондой эле ал жаштарды мекенди коргоого үндөп, мырзаларды майрамы менен куттуктады. Аскер жаатында эмгектенгендерге ыйгарымдуу өкүлдүн ардак грамоталарын тапшырды. Шаар мэри да мекенди коргоочулардын эмгектерине токтолуу менен ийгиликтерди каалады. Ал да шаардын өсүп өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан бир катар мекемелердин жетекчилерин ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

23-февраль Советтик армиянын күнү катары белгиленип келсе, Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Ата Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип келет. Мекенди, эл-жерди сүйүүнү, патриоттук сезимди күчөткөн бул майрам кыргыз өкмөтүнүн токтому менен 2003-жылы календарда кызыл болуп киргизилип, дем алыш күнү катары жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×