Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.02.2019 13:13

Жалал-Абадда кумар оюндарын ойноочу көмүскө жай иштеткен тургун кармалды (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда кумар оюндарын уюштурган көмүскө жайларга тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сузак районунун Дакан-Палван көчөсүндөгү жана Жалал-Абад шаарынын борборундагы Нагима Айтматова көчөсүндөгү даректерге атайын тинтүү иш-аракеттери жүргүзүлдү.

Жарандардын арыздарынын негизине багытталган аракетке массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү дагы күбө болушту. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси боюнча (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) кылмыштын белгилери аныкталып, каттоого алынган соң, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Сузак районунан 9 компьютер, Жалал-Абад шаарынан 11 компьютер далил буюм катары алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ошондой эле, Сузак районундагы кумар оюндарын ойноочу көмүскө жайды иштетип жаткан 43 жаштагы Жалал-Абад шаарынын тургуну К.Азимжан аныкталып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×