Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-март
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.02.2019 17:59

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абаддагы фабриканын имаратын көрүп чыкты

Turmush -  Бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад шаарында иш сапары менен болгон президент Сооронбай Жээнбеков тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Фабриканын ишмердүүлүгү тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мурат Тагаев жана ишкананын негиздөөчүсү Абдибаки Имаров, ошондой эле директору Айсулуу Абжапарова маалымат беришти, деп билдирди өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Бул фабрика 2018-жылы түзүлүп, кийим тигүү менен алектенет жана шаардагы эң ири адистештирилген ишкана болуп саналат. Фабрикада 32 киши иштеп, алардын орточо айлык маянасы 8000-12000 сомго жетет. Өндүрүштүк кубаттуулугу жылына – 10 млн сом.

Ишкананын жетекчилигинин айтымында. келечекте өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүп, КМШ жана чет өлкөлөргө экспортко чыгууну пландаштырууда. Бул максатта фабрика кошумча 6 млн сом суммасында акча каражатына муктаж.

Сооронбай Жээнбеков фабриканын имаратын көрүп чыгып, чыгарган продукциялары менен таанышты. Ал мамлекет аймактардагы экспортко багытталган ишканаларды колдоого ала турганын белгилеп, ишканага зарыл сумманы төмөнкү пайызда насыя катары берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон «Айыл Банк» менен иштешүүнү сунуштады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
47.96% (823)
«РСК Банк»
31% (532)
«Айыл Банк»
6.18% (106)
...
Всего голосов: 1716
×